Баткенде бир жумуш орунга 30 адам туура келет

6 августа 2021, 11:20

Ушул жылдын май айына чейин Баткен облусунда жумуш издеп кезекке турган жарандардын саны 13 миң 870 адамды түздү. Бул тууралуу Баткен облустук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгы билдирди.

Алардын арасынан 10 миң 630 адам калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын каттоосунда расмий тургандар. Расмий түрдө катталган жумушсуздардын ичинен 256 адам коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга тартылып, учурда мектеп, оорукана социалдык мекемелерде кызмат көрсөтүп жатышат.

Ушул жылдын май айына карата 462 бош жумушчу орун түзүлүп, бир бош жумуш ордуна 30 адам туура келген.