Баткенде дагы 366 адамдын насыясы жоюлду

11 января 2023, 10:50

Өткөн, 2022-жылы 30-декабрга карата Баткенде кыргыз-тажик куралдуу кагылышынан жабыркаган 514 карыз алуучу финансы-кредиттик уюмдарга кайрылган. Бул туурасында Улуттук банк билдирди. 
 
Кайрылуулардын негизинде, 31 480 миң сом суммасында 366 насыя жоюлган жана 63 683 миң сом суммасында 224 кредит реструктуризацияланган.
 
Учурда финансы-кредиттик уюмдар жабыркаган карыз алуучулардын бардык арыздарын банк мыйзамдарына ылайык кароону улантууда.