Баткенде дээрлик үч млн долларга «Исфайрам-1» чакан ГЭСи курулууда

8 февраля 2024, 15:40

Баткенде курулуп жаткан "Исфайрам-1" чакан ГЭСин март айынын аягында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Исфайрам дарыясына курулуп жаткан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт, сметалык баасы дээрлик 3 млн долларды түзөт. Учурда каналдын курулушу аяктады.

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы объект ишке берилсе 30га жакын жумуш орун түзүлөт.

Белгилеп кетсек, учурда Баткен облусунун аймагында 5 чакан ГЭС курулуп жатат.