Баткен районунда алгачкы ПЦР-лаборатория ачылды

22 марта 2023, 13:10

Баткен районунда ПЦР-лаборатория ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, лаборатория ILAB системасына кошулган. Анын алкагында жарандар анализ жыйынтыктарын QR коду менен алса болот.

Курулушу эки жыл мурун башталган оорукананы Ислам өнүктүрүү банкы каржылаган. Имарат 30 кабинеттен турат.

Келечекте бул жер кеңейтилип, бир эле коронавирус эмес, башка инфекцияларды да аныктоо иштери жүргүзүлөт.