Баткендеги 80ден ашык айылда таза суу жок

18 августа 2023, 14:15

Баткен облусунда 191 айыл-кыштак болсо, анын 83үндө ичкенге таза суу жок. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө таянып, “Азаттык” жазды.

Маалыматка ылайык, жакын арада таза суу тартуу үчүн 20 айылда иш жүрүп жатат.

Ал эми Кыргызстан боюнча 1 миң 14 айылда ичер суу маселеси чечиле электигин буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирген.