Баткендеги Чандеки айылына 92,2 млн сомго мектеп курулат

15 мая 2023, 17:25

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Х. Жаныбеков атындагы №39 мектептин курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады. 

Маалыматка ылайык, аталган объект Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чандеки айылында жайгашкан. Мектеп 150 окуучуга ылайыкталган. 

“Долбоордун жалпы суммасы 92 млн 279 миң 36 сомду түзөт. Тендерге катышууга документтерди кабыл алуу 29-майда аяктайт”, - деп айтылат маалыматта.