Баткендеги инвестицияны коргоо боюнча экономикалык чаралар кабыл алынды

28 февраля 2022, 15:55

Экономиканын жана социалдык чөйрөнүн артыкчылыктуу тармактары үчүн өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Тизмеде өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактар үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелери аныкталган. Кепилдиктер өзгөчө инвестициялык режим колдонулган аймактарды өнүктүрүү программасына киргизилген долбоорлор үчүн, айрыкча Баткен облусуна берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан финансылык милдеттенмелерди берүүнүн шарттары төмөнкүдөй:

  • инвестор инвестициялык келишимге кол коюлган күндөн тартып үч жылдын ичинде инвестицияланган ишкананын капиталына 3 (үч) миллион АКШ долларынан кем эмес, ал эми Баткен облусу үчүн 1 (бир) миллион АКШ долларынан кем эмес инвестиция салууга милдеттүү; 
  • пайдалуу казындыларды изилдөө, издөө, чалгындоо, иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашырган инвестор инвестициялык келишимге кол коюлган күндөн тартып беш жылдын ичинде 20 (жыйырма) миллион АКШ долларынан кем эмес суммада, ал эми Баткен облусу үчүн кеминде 10 (он) миллион АКШ долларын инвестициялоого милдеттүү;
  • инвестордун инвестицияланган ишканага инвестиция салуу боюнча милдеттенмелерин аткарбашы инвестициялык келишимди бузуу үчүн негиз болуп саналат;
  • инвестор өзүнүн туруктуу финансылык абалын финансылык- чарбалык иш боюнча отчётторду жана акыркы үч жыл үчүн көз карандысыз аудитордук корутунду берүү менен ырастоого тийиш;
  • инвестор юридикалык жак катары катталган жери боюнча жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруучу жер боюнча салыктарды, жыйымдарды жана бюджетке кандайдыр бир деңгээлдеги башка төлөмдөрдү төлөө боюнча карызы болбошу керек;
  • инвестордун юридикалык жак катары катталган жери боюнча жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жери боюнча мамлекеттик кепилдиктер боюнча мурда алынган, төлөө мөөнөтү келип түшкөн мамлекеттик эмес зайымдарды төлөө жана тейлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздары, ошондой эле кредиторлордун алдында мөөнөтү өтүп кеткен башка карыздары болбоого тийиш.