Баткендеги турак-жайлар мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат

28 января 2022, 19:00

Баткен облусунун чек арага жакын аймагындагы бардык турак-жайлар мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат. Бул тууралуу тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү кызматтарга берди. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жагдай боюнча бүгүн өкмөттө ыкчам кеңешме өттү. Анын жыйынтыгында коомдук коопсуздук, эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келүүсү, инфраструктураны калыбына келтирүү жана облустун башка муктаждыктарына зарыл финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу боюнча маселелер талкууланды.