Баткендеги тургундар банктардан 4,6 млрд сомдон ашык насыя алышты
Финансы-кредиттик уюмдар Баткен облусунун тургундарына артыкчылыктуу тартипте 4,6 млрд. сомдон ашык насыя беришти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, финансы-кредиттик уюмдар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды кароодо.
“Банк мыйзамдарына ылайык бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.