Баткендиктер IT адистигин акысыз үйрөнө алышат

8 мая 2021, 12:30

Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыргыз ассоциациясы Баткен облусунун жашоочуларына IT боюнча акысыз билим берет. Бул тууралуу алар «Инстаграм» баракчасына жазды.

Курстар 2030-жылга чейин Кыргызстанда 50 миң программист даярдоону максат кылган «Бир үй-бүлө - бир программист» долбоорунун алкагында жеткиликтүү болот.

«Соңку окуяларга байланыштуу бүт өлкө Баткендеги мекендештерибизге жардам берүү үчүн өз күчтөрүн жумшоодо. «50 000 программисттер» долбоору Баткен облусунун жашоочуларын колдоо максатында, бардык курстарда акысыз негизде окутууга даяр», - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган ассоциация окууда жакшы жыйынтык көрсөткөн окуучуларга стипендия төлөөгө даяр экенин кошумчалады.