Баткендиктерге жардам катары ачылган эсепке 4,6 млн сом чогулду

3 мая 2021, 16:32

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга каражат чогултуу үчүн өкмөт ачкан эсепке 4,6 миллион сомдон ашык акча топтолду. Бул тууралуу Кыргызстандын Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды.

Көпчүлүгү ар кандай мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын бир күндүк эмгек акыларын тизмектешет. Эсеп жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча ачылган.

Кошумчалай кетсек, каражат ыктыярдуу негизде которулат.