Баткен: 25 айылды сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо жакшыртылат

14 февраля 2024, 09:10

Баткендин 25 айылын сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо жакшыртылат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, бул боюнча долбоор эл аралык уюм тарабынан ишке ашууда. Анын алкагында социалдык обьектилер суу менен камсыз болот, канализациялык инфраструктура жакшырып, сууну фильтирлөө системалары орнотулат.

Ошондой эле суу аркылуу жугуучу инфекциялардын алдын алуу боюнча иштер аткарылат.