Баткендин Ак-Татыр айылында логистикалык борбор курулат

19 декабря 2023, 13:25

Баткендин Ак-Татыр айылында логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Логистикалык борбордун курулушу менен 500 тоннага жакын продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт. Анын алкагында жаңы жумуш орундары пайда болот.

Курулушка 22 млн сом каралган. Каражат облусту өнүктүрүү программасынын алкагында районго бөлүнгөн 125 млн сомдун эсебинен сарпталат.