Кыргызстанда мотор майларын жүгүртүүнүн 9%ы Баткен облусуна туура келет

11 марта 2024, 10:38

Ушул жылдын январь айында мотор майынын чекене соодасынын көлөмү 7 миллиард 648 миллион 500 миң сомду түзүп, өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 13,9%га өскөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Белгилеп кетсек, жалпы көлөмдүн 28%ы Чүй облусуна туура келет – 2,1 млрд сом.

Кийинки орунда Бишкек (26%) жана Жалал-Абад облусу (10%) турат. Мотор майын жүгүртүүнүн 9%ы Баткен облусуна туура келет.