19,2 млн сомдук жер тилкеси Баткен облусуна кайтарылды

16 июня 2021, 10:45

19,2 миллион сом болгон 10 гектар жер аянты Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Көзөмөлдөөчү орган Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-октябрындагы токтому менен жер тилкеси Н.А. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз өткөндүгүн аныктады.

Облустук прокуратура тарабынан кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү максатында топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.