Бажы кызматкерлери 5 млн сомдон ашык келтирилген зыянды аныктады

23 марта 2023, 10:05

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери бажылык текшерүүдө декларацияланбаган керектөө товарларын аныктады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кытайдан “Н.О.Л.” ЖЧК дарегине “Volvo” маркасындагы жүк ташуучу унаада байпак товары келген. 

“Декларацияланбаган товарлардын орточо базар баасы 21 131 084 сомду түзөт. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 756 006 сом”, - деп айтылат маалыматта. 

Бул мыйзам бузуу фактысы мыйзамда белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.