Бажы кызматкерлери мамлекетке келтирилген зыяндын бетин ачты
Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери транспорт каражаттарынын бажы наркын төмөндөтүү боюнча эки фактыны аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдары чыгарылган “Mercedes-Benz, Maybach” үлгүсүндөгү эки унаанын бажы наркы төмөндөтүлүүгө аракет кылынган.
“Бажы эрежелерин бузуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 297 357 сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Кабардар болуңуз! Биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз.