Бажы кызматы мамлекетке келтирилген 11 млн сомдук зыянды аныктады

24 мая 2023, 17:01

Кыргызстанда ЕАЭБдин бажы аймагына мурда колдонулган автотранспорттук каражаттын толук комплектациясы менен арткы жүрүү бөлүгү товарларын импорттогон мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жасалма документтери менен автотранспорт каражаттары толугу менен чогултулгандан кийин “Унаа” мамлекеттик мекемесинде ташылып келинген унаа катары баштапкы каттоого алынган. 

“Бул боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 11 020 792 сомду түздү. Мыйзам бузуу фактысы боюнча тийиштүү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.