Бажычылар 1 млн сомдон ашык келтирилген зыяндын бетин ачты

1 июня 2023, 11:15

“Түндүк” темир жол бажысынын кызматкерлери бажы көзөмөлүнүн алкагында бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, "К." ЖЧКсынын дарегине муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулардын тетиктери жана курулуш шаймандары келген. Товардын жалпы салмагы 3035 кг түзгөн. Жүк убактылуу сактоо үчүн кабыл алуучунун кампасына коюлган.

“Товарлар идентификациялык каражаттарды ачуу менен бажы органынын уруксатысыз колдонулгандыгы аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 1 019 747 сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта. 

Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар Башкы прокуратурада каралууда.