Бажычылар өлкөгө мыйзамсыз алынып келинген эмеректерди аныктады

15 мая 2023, 11:46

Оперативдүү бажынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери "Mercedes Benz Sprinter 416" маркасындагы унааны текшерүү учурунда чектеш мамлекеттен алынып келинген эмерек товарларын (3 комплект стол 36 отургучу менен) аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, унааны кыргызстандык жаран "ТЖТ" башкарып бараткан. 

“Товардын жалпы салмагы 1 000 кг., жалпы баасы 150 миң сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта. 

Төлөнгөн айыптык санкциялардын жана тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 75 970 сомду түзгөн.