Бажычылар жалпы наркы 500 миң сомду түгөн аткезчилик сабизди кармады

30 марта 2022, 09:25

Бажы кызматкерлери 20 тонна сабиздин контрабандасын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

“Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда И.М.С. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы Volvo АР-12 үлгүсүндөгү унаа Krone үлгүсүндөгү жарым чиркегичи менен токтотулган.

“Унааны кароодо жалпы салмагы 20 тонна 200 кг, товар коштоочу документтери жок сабиз табылган. Кармалган товардын орточо базар наркы 505 миң сомду түзөт”,- деп айтылат маалыматта.

Бул факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына берилген.