Бекешев социалдык кызматкерлерге арналган батирлерди берүүнү суранды

3 ноября 2022, 16:01

Бүгүн, 3-ноябрда парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев социалдык кызматкерлерге 2009-жылы белекке берилген батирлерди (Бишкек шаарынын Суванбердиев көчөсүндөгү № 102 үй) расмий түрдө берүүнү суранды.

Анын айтымында, батирлер социалдык кызматкерлерге берилгени менен кийинчерээк алар кызматтык батирлер болуп чыккан.  

“Батирлер белекке берилгенден кийин маселени чечүү керек. Бул ишти иретке келтирүү зарыл”, - деп баса белгиледи депутат.  

Жыйындын жүрүшүндө депутат Шайлообек Атазов борбор калаанын көйгөйлөрүн козгоп, Ауэзов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги көпүрөнү оңдоо зарылдыгына токтолду. Ошондой эле, ал таштанды таштоочу жайдын жанындагы жаңы курулуштардагы экологиялык абалга көңүл бурду.