Белорусияга Кыргызстанда экономикалык форум өткөрүү сунушталды

1 июля 2021, 14:00

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров кыргыз-белорус бизнес-форумун Кыргызстанда уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал Белоруссиянын соода-өнөр жай палатасынын президенти Владимир Улахович менен жолугушууда билдиргенин тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жазды.

Жолугушууда эки өлкөнүн мындан аркы соода-экономикалык алакаларын бекемдөө боюнча сөз болду. Тараптар инвестициялык кызматташууга, анын ичинде Кыргызстандын аймагында локалдаштыруу менен биргелешкен ишканалардын санын көбөйтүүгө көңүл бурушту.

Азизбек Мадмаров Белоруссиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Александр Гурьянов менен да жолукту. Анын алкагында эки тараптуу кызматташуу программасына кол коюшту.