Беларусия жана Кыргызстан мамлекеттик кызматтарды тейлөөгө көп чыгым жумшайт
Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдүн республикалык бюджеттеринин чыгымдарынын түзүмү ар башка. Маселен, Беларусияда жана Кыргызстанда жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарды тейлөөгө чыгымдар басымдуулук кылат, алардын жалпы курамында тиешелүүлүгүнө жараша 52,2% жана 42,1% түзөт. Мындай маалыматтар Евразия экономикалык коммисиясы тарабынан келтирилген.
Биримдиктин калган мүчө мамлекеттеринде мамлекеттик кызматтарды тейлөөнүн орточо чыгымы 21,3% түзөт.
Ошол эле учурда, Арменияда Казакстанда жана Россияда бюджеттин түзүмүндө социалдык коргоого чыгашалар 31,9%, 29,2% жана 32,1% түздү.
Кыргызстандын республикалык бюджетинин чыгашаларынын түзүмү 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өзгөргөндүгүн белгилеп кетүү керек, анда социалдык коргоону каржылоо 25,8%, мамлекеттик кызматтар 17,2% түздү.