Берилген микрокредиттердин 48,5%ы керектөө муктаждыктарына жумшалган

28 марта 2023, 17:30

Былтыр 2022-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48,5%ы керектөө муктаждыктарына жумшалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, берилген насыялардын 23%дан ашыгы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11,7%ы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6,3%ы курулушка багытталган.

“Ал эми 2021-жылга салыштырмалуу керектөөчүлүк муктаждыктарына берилген микрокредиттердин үлүшүнүн олуттуу  10 пайыздык пунктка көбөйгөнү байкалган. Ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү тескерисинче 5,1 пайыздык пунктка, курулушка берилген микрокредиттердин үлүшү 2,1 пайыздык пунктка кыскарды”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, 2022-жылы микрокредиттерди белгиленген мөөнөткө ылайык кайтаруунун деңгээли мурунку жылга салыштырмалуу 1,6 пайыздык пунктка көбөйүп, 97,1%ды түздү.