Учкучсуз учуучу «Байрактар» өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыздайт

19 декабря 2021, 09:06

Кечээ, 18-декабрда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү.

Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Аскердик учкучсуз ​​аппарат Түркиядан сатылып алынган.