Орусиядагы «МИФИ» ядорлук университети акысыз окууга кабыл алууда

13 июля 2021, 10:54

Улуттук изилдөө ядролук университети "МИФИ" 2021-жылдын 31-июлуна чейин чет элдик жарандарды магистратурага акысыз негизде окууга кабыл алууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Окууга алуу Орусиянын жарандары менен бирдей шарттарда кирүү сынактарынан өтөт.

Документтерди кабыл алуу жана кирүү экзамендери аралык режимде жүргүзүлөт. Окуунун багыттарынын тизмеси, ошондой эле кабыл алуу комиссиясына тапшыруу үчүн зарыл документтердин тизмеси менен сайттан таанышса болот.

Кошумчалай кетсек, студенттер жатакана менен камсыз болушат, ошондой эле стипендия дайындалат.