Депутат студенттерге үстөксүз насыя берүүнү сунуштады

27 января 2023, 09:36

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев парламенттин жыйынында Каржы министрлигине студенттерге үстөксүз насыя берүүнү сунуштады.

“Каржы министрлиги ишкерлерге жакшы насыяларды бере баштады. Балким, жакшы окуган студенттерге бере башташыбыз керек? Азыр студенттер үчүн бир гана колдоо бул стипендия. Ал эч нерсеге, жада калса жол киреге да жетпейт. Ошондуктан, бүгүнкү күндө стипендия мотивация эмес”, - деп эсептейт эл өкүлү.

Жамгырчиев бул маселени чечүүнүн жолу катары студенттерге мамлекеттен насыя берүүнү сунуштады - үстөк пайызы төмөн же такыр жок.

“Балким бул көптөгөн студенттерге чет өлкөдө билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Келгиле, билим берүү тармагына көңүл буралы”, - деди ал.