Сентябрь айында ЕАЭБде жумушсуздук 18% кыскарды

14 ноября 2022, 13:23

ЕАЭБ мамлекеттеринин ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын сентябрь айынын акырына карата өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18%га кыскарып,1 млн 11,2 миң адамды түздү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтына жарыяланды.  

Анда жумушсуздардын саны жумушчу күчүнүн 1,1%ын түзөрү белгиленген. Былтыр, 2021-жылы бул көрсөткүч 1,3%ды түзгөн. Ушул жылдын сентябрь айынын акырына карата ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны:

• Орусияда — 621,6 миң адам (жумушчу күчүнө 0,8);
• Казакстанда - 256,9 миң адам (жумушчу күчүнө 2,8);
• Кыргызстанда - 75,7 миң адам (жумушчу күчүнө 2,8);
• Арменияда — 51 миң адам (жумушчу күчүнө 3,9);
• Белоруссияда - 6 миң адамды (жумушчу күчүнө 0,1) түздү.