Өткөн жылдын ноябрь айында ЕАЭБде жумушсуздук 68%га кыскарган
Евразия экономикалык биримдик боюнча ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2021-жылдын ноябрь айынын аягында 1,1 млн адамды түздү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 68,1%га азайган.
Муну менен жумушсуздардын саны жумушчу күчүнүн 1,2% түзөт. Былтыр бул көрсөткүч 3,8% түзгөн.