Бүгүн Бишкекте 4,2 миң абоненттин электр энергиясы өчүрүлөт

11 мая 2023, 10:50

Бүгүн Бишкекте электр энергиясына болгон төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү үчүн 4200дөн ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкек электр тармактары” ишканасынан билдиришти. 

“Бишкек электр тармактары” ​​ишканасы ушул сыяктуу ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат. 

Белгилей кетсек, абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү “Quickpay”, “Pay24”, “UMAI”, “KICB”, “MSTS (Kassa-24)”, “Megacom”, “О!”, “Оңой” төлөм терминалдары аркылуу төлөй алышат. Ошондой эле,  “MegaPay”, “UMAI” “Элсом” электрондук капчыктары аркылуу, “РСК Банк”, “Керемет Банк”, “Дос Кредо Банк”, “Бакай Банк” жана коммерциялык банктардын кассаларында төлөөгө болот.