Бүгүн Бишкектин бир нече бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөт
Бүгүн турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9.00дөн 22:00 чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкексууканалдан” билдиришти.
Суу Күренкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек жолу проспектиси, Жаш гвардия көчөсү, Саадаев көчөлөрүндө өчүрүлөт.
Ошондой эле, Красный строитель, Ак-тилек, Көлмө, Алтын-Бешик, Салам-Алик турак жай конуштарында да ичүүчү суу өчүрүлөт.
Ичүүчү сууну өчүрүү “Түндүк” суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.