Бүгүн улуттук валютага 30 жыл толду

10 мая 2023, 12:48

Бүгүн өлкөдө улуттук валютанын 30 жылдыгы жана банк кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. 1993-жылы 10-майда Улуттук банк улуттук валютанын биринчи сериясын жүгүртүүгө киргизип, банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгилеген. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Банк тармагы Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон негизги тармактардын бири болуп саналат. “Акчабар” редакциясы өлкөдөгү бардык банк тармагында иштегендердин жана кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктайт. 

“Банк тармагынын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Ар бириңиздерге ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз! Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан Кыргызстандын банк системасы туруктуулукту көрсөтүүдө”. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын банк системасында Улуттук банк жана 23 коммерциялык банк иштейт, анын ичинен 14ү чет элдик капиталдын катышуусунда иш алып барат.  Ал эми  өлкөнүн аймактарында 326 банк бөлүмдөрү бар.

Банк тармагында иштеген кызматкерлердин саны 18,5 миңге жакын адамды түзөт, ал эми банктардагы кардарлардын эсептеринин саны 8 млн. ашат. 

Каржылык ортомчулук тармагындагы кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы 2022-жылы 50,3 миң сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 21%га өскөн.