Бүгүн Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына каттоо жүрөт

6 февраля 2024, 10:25

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору бүгүн Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына каттоо болорун билдирди. 

Каттоо 6-февралда саат 14:00дон кечки 21:00го чейин www.migrant.kg сайтында ачык болот. Ийгиликтүү катталуу үчүн Кыргызстандын жаранынын жарактуу чет элдик паспорту жана Gmail электрондук почтасы керек.

“Онлайн тестирлөө “Hops Labor Ltd” оператору тарабынан жүргүзүлөт. Тесттин маалыматтары катталган жарандарга электрондук почтага жөнөтүлөт. Оффлайн интервью  “Hops Labor Ltd” операторунун өкүлдөрү тарабынан өткөрүлөт”, - деп айтылат маалыматта. 

Тандоо жыйынтыгы www.migrant.kg расмий сайтында жайгаштырылат. Оператор тарабынан катталгандардын ичинен 500-600 гана адам тандалат.

Талапкерлер  18 жаштан 45 жашка чейин болушу керек. Ошондой эле орус тилин билүүсү, физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу зарыл.