Бүгүн «Унаа» мекемесинин Ош шаардык бөлүмү иштебейт

28 сентября 2023, 09:00

Бүгүн "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмү убактылуу иштебейт.

Ведомстводон билдиришкендей, мунун себеби электр энергиясынын өчүрүлгөнүнө байланыштуу.

Оңдоп-түзөө иштеринен улам, бул күнү Ош шаарынын айрым бөлүктөрүндө жарык жок болот.