Бүгүнтөн тарта Бишкекке жылуулук бериле баштайт

31 октября 2023, 09:20

Бүгүнтөн тарта Бишкекке жылуулук бериле баштайт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгиленгендей, жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Алгач бала бакча, мектептер, ооруканалар жана башка социалдык мекемелерге, андан кийин көп кабаттуу үйлөргө кое берилет.