Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлөт

22 апреля 2024, 09:10

Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлөт.

Мэриядан эскертишкендей, бул ирет адаттагыдан айырмаланып ысык сууну берүүдө чектөө бир айга эмес, көбүрөөк убакытка – 22-апрелден 1-июнга чейин киргизилет.

Мындай чечим Бишкек ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында масштабдуу оңдоо иштери пландалганына байланыштуу кабыл алынган.