Бүгүнтөн тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт

25 марта 2024, 11:15

Бүгүнтөн тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка калаа башчы Айбек Жунушалиев кол койду.

Белгиленгендей, жылуулукту өчүрүү тууралуу чечим март айына карата аба ырайынын божомолун жана абанын сырткы температурасын эске алуу менен кабыл алынды.