Бүгүнтөн тарта электр энергиясына карызы барлардын жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 6-февралдан тарта электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган системасы карызы бар 7 миңден ашык абоненттин жарыгын дистанттык түрдө өчүрөт. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, өткөн жылдын декабрь айында жана 2023-жылдын январында катуу суукту эске алып, карызы бар абоненттердин жарыгын өчүргөн эмес.
"Дебитордук карыздын өсүүсү электр тармактарын жана жабдууларды тейлөөгө түздөн-түз таасир этет", - деп айтылат маалыматта.
Электр энергиясына карызыңыз бар же жок экенин кантип билүүгө болот?
- компаниянын сайтындагы "Абоненттик баланс" бөлүмүнөн;
- "Менин жарыгым" мобилдик тиркемесинен;
- күнү-түнү иштеген 1209, 0772 00 12 00, 0702 00 12 09, 0556 00 12 09 номерлерине чалып;
- WhatsApp (0556 00 12 09) аркылуу билүүгө болот.