Биометрикалык чет элдик паспорттор жыл аягында бериле баштайт

19 июня 2020, 13:45

Биометрикалык чет элдик паспорттор быйыл декабрь айынын аягында бериле баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

 

Анын айымында, биометрикалык чет элдик паспорттор боюнча тендерден утуп чыккан германиялык компания менен келишимге кол коюлган.

«Учурда алар биздин кызматкерлер менен дизайн ж.б. боюнча иш алып барууда. Декабрь айынын аягында жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштайт», - деди ал.