Биометрикалык паспорттордун бланктарын алуу үчүн тендер жарыяланды

26 февраля 2020, 16:30

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун бланктарын алуу үчүн тендер жарыялады. Тендердин жалпы  суммасы 973 млн 123.5 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталында жайгашкан. 

Конкурс бир этап менен жүргүзүлөт. Тендердин талабына ылайык, сынактан уткан компания электрондук паспорттун баланктарын 2023-жылга чейин көрсөтүүсү керек. 

Тендерден уткан компаниянын кызматкерлеринде TD3 форматындагы электрондук форматтагы паспортторду ишке киргизүүдөгү тажрыйбасы  жана ИКАО талабына жооп берүүсү кажет.