Бир күндүн ичинде алтындын бир унциясынын баасы 20,3 долларга чейин түштү

28 апреля 2022, 17:00

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтындын өлчөнгөн куймаларынын бир унциясынын наркы 20,3 долларга арзандады.

Алсак, 28-апрелде кайра сатып алуу баасы 164 миң 336 сом деп белгиленген. Мындай маалыматтар борбордук банктын сайтында берилген.

Бир күн мурун 166 миң 46 сомду түзүп жаткан болчу. Муну менен алтындын унциясын кайра сатып алуу баасы 1710 сомго же 1,03%га төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 192 миң 72,5 сомдон сатып алууга болот. Сатуу баасы 26-апрелден баштап өзгөрүүсүз калды.