Бир жыл бою алимент төлөбөгөндөрдү эркинен ажыратуу сунушталды

1 февраля 2024, 09:35

Кыргызстанда баласына алимент төлөөдөн качкандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды. Юстиция министрлигинин мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда колдоо тапты.

Азыркы мыйзам боюнча, алимент төлөбөгөндөргө 20-50 миң сомдук айып салынат же бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Мындай жазаны бир жылга чейин төлөбөгөндөргө гана колдонуу демилгеленди.

Ал эми 12 айдан ашып кетсе 100 миң сомдук айыпка жыгып, үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.