Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун биринчи этабы башталды
Салык кызматы өлкөдө жалпы салыктык декларациялоонун биринчи этабы башталганын билдирди. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Ага ылайык, 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек.
- мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
- эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
- жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.
Салык мыйзамдарына ылайык, 2026-жылдан тарта Кыргызстандын бардык жарандары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.
“Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилет. Биринчи этап 2023-жылы башталды. Кийинки жылдан баштап салык салынуучу киреше алган бардык жеке жактар милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшырышат”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын тапшырышы зарыл.