«Бирдиктүү терезе» боюнча мамкызмат көрсөткөн 45 борбор иштеп жатат

21 февраля 2024, 11:45

Кыргызстанда “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөткөн 45 борбор иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул борборлордо жарандарга документтер берилип, башка мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт.

Ведомстводон кошумчалашкандай, үч жыл аралыгында “Бирдиктүү терезе” жана “Унаа” мекемеси аркылуу республикалык бюджетке үч миллиард сом түшкөн.