Бирдиктүү депозиттик эсепке 26 миллион сом которулду

6 февраля 2020, 11:00

Салык төлөбөй жүргөн компанияларынын схемалары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Мекеменин маалыматында, калкка байланыш кызматын көрсөткөн ишканага Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси кылмыш иши козголуп, мамлекетке 26 миллион 408 миң 750 сом зыян келтиргени аныкталды.

Аталган акча кайтарылып, жемкорлуктан түшкөн атайын депозиттик эсепке которулду.