Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды

25 марта 2020, 13:30

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык штабдын 2020-жылдын 24-мартындагы чечимине ылайык, КР өкмөтү физикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Бул өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурунда салык төлөөчүлөрдү колдоо жана коронавирус илдетинин таркалышын алдын-алуу максатында чыккан чечим. 

Эске сала кетсек, физикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү  2020-жылдын 1-апрелинде аяктамак.