1-июлга карата Кыргызстанда 182,7 миң тонна эт өндүрүлгөн

10 августа 2020, 15:51

Ушул жылдын 1-августуна карата республиканын бардык категорияларындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер 182,7 миң тонна тирүү салмактагы эт өндүрүштү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2075 тоннага же 1,1%га көп. Мындай маалыматты Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Мал базарлары жана эт павильондорунун ачылышына байланыштуу республиканын бардык региондорунда эт өндүрүшүнүн өсүү темпи улантылды.

Маалыматка ылайык, эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Жалал-Абад (102,2%), Ысык-Көл (101,4%) жана Чүй (101,1%) облустарында жогорулаган.