«Газпром» ишканасы I кварталда 2 млрд сомго жакын салык төлөдү

31 мая 2023, 16:53

Быйыл биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча “Газпром” компаниясы мамлекеттик бюджетке, анын ичинде Социалдык фондго 1 млрд. 929 млн. сом төккөн. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “Газпромго” тиешелүү үч компания иштейт:

  • “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы - компаниянын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп Кыргызстандын аймагында газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу, ошондой эле иштеп жаткан газ өткөрүү тутумдарын реконструкциялоо жана кеңейтүү болуп саналат;
  • “Газпром Нефть Азия” ЖЧКсы - компания республиканын аймагында мотор майын дүң жана чекене сатуу менен алектенет.
  • “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ЖЧКсы - Кыргызстанга авиакеросин жеткирүү үчүн логистика менен камсыз кылат.

Эсе салсак, 2022-жылы ишкананын салык төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 5 млрд. 205 млн. сомдон ашкан.