Биринчи кварталда микрокредиттик уюмдар жарандарга 11 млрд сом насыя берди

23 мая 2023, 15:01

Быйыл биринчи кварталда микрокредиттик уюмдар тарабынан бардыгы болуп 11 млрд. сом насыя берилген. Жалпысынан 192 миңден ашуун адам насыя алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу микрокредит алгандардын саны дээрлик 27%га, ал эми микрокредиттердин көлөмү 25%га өскөн. 

Микрокредит алуучулардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда жашайт, ал жалпы алуучулардын санынын 21%ын түзөт. Ал эми Жалал-Абад облусунда 17%га жакын алуучу болсо, Бишкек шаарында 16%га жакынды түзөт. 

Микрокредиттердин эң көп көлөмү Бишкек шаарындагы (2 млрд. сом, же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 18%ы), Ош облусундагы (2 млрд. сомго жакын же 18%га жакыны), Чүйдөгү (1,8 млрд. сом, же болжол менен 16%) жана Жалал-Абад (1,7 млрд. сом же 16%га жакын) облустарындагы тургундарга берилген.